Биз менен байланышыңыз

Ошто жыл ичинде ири эл аралык иш-чаралар өтөт

Кыска кабар | 9 Фев 2019 | 562 | 0

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Ага ылайык, эл аралык иш-чаранын ачылышы апрель айына пландалып жатат.

«Ош шаарынын мэриясында эл аралык деңгээлде өтүүчү иш-чараларды талкуулаган жыйын болуп өттү. Эл аралык иш-чаранын ачыллуу салтанатын жогорку деңгээлде өткөрүү керектиги айтылды. Ага чейин Ош шаарындагы маданий борборлор оңдоп-түзөөдөн өтүп, келген туристтерге шарт түзүү маселелери көтөрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Үстүбүздөгү жылы Ошто түрк элдеринин каада-салтын, тарыхын, маданиятын чагылдырган бир топ эл аралык иш-чаралар, фестивалдар жана спорттук оюндар өткөрүлөт.

Театр фестивалын, кол өнөрчүлөрдүн «Оймо» фестивалы, акындардын эл аралык айтыштары, улуттук оюндар жана эл аралык илимий-практикалык конференциялар боло тургандыгы пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM