Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Футбол федерациясынын президенти шайланат

Кыска кабар | 9 Фев 2019 | 592 | 0

Бүгүн, 9-февралда Бишкекте Футбол федерациясынын президенти шайланат. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, бүгүн борбор калаада уюмдун конференциясы өтүп, ага аймактагы өкүлдөр катышат.

Иш-чарада президенттикке талапкерлер аныкталат. Алар өз программаларын сунуштаган соң шайлоо процедурасы өтөт.

Федерациянын мурдагы жетекчиси Семетей Султанов 10-январда кызматын тапшырган. Султанов бул боюнча өзү кайрылуу жасап, мындай чечимди кабыл алууга эч кандай кысым болбогонун, өзүнүн буга чейин пландалган иши экенин айткан. Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия Кубогуна өтсө, кызматын тапшырууну буга чейин эле көздөп келген.

Кошумчалай кетсек, Семетей Султанов бул кызматка 2012-жылы шайланган. Ошондой эле ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы экендиги айтылып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM