Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым райондорунда 11 күнгө чейин газ болбойт

Кыска кабар | 9 Фев 2019 | 412 | 0

Бишкектин айрым райондорунда 11 күн газ берилбейт. Бул тууралуу  «Газпром Кыргызстан» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 19-февралга чейин төмөнкү даректерде газ берүү убактылуу жок болот;

— Үметалиев, Ибраимов, Пушкин, Турусбеков, Токтогул көчөлөрүнүн Чүй проспектиси менен кесилишкен аймагында;

— Ибраимов, Осмонкул, Московска көчөлөрүнүн Жибек Жолу жана Чүй проспектиси менен кесилишкен бөлүгүндө;

— Токтогул, Тыныстанов, Московска көчөлөрүнүн Эркиндик бульвары менен кесилишкен аймагында;

— Шопоков көчөсү 119, 123;

— Чүй проспекти 151, 153;

— Усенбаев көчөсү 77;

— «Жыргал» мончосу жана Өспөс от тарапта жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурайт.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM