Биз менен байланышыңыз

«Жаштардын инженердик кесипке болгон кызыгуусу төмөндөп баратат»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2019 | 772 | 0

Жаштардын инженердик кесипке болгон кызыгуусу төмөндөп бара жатат. Анын негизги себептеринин бири мектептерде табигый илимдердин сааты кыскарып кетти. Мындай пикирин Кыргыз-немис техникалык институтунун директору, доцент Анипа Абылбекова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Абылбекова мектептерде окуу куралдарынын сапаты начар болгондуктан окуучулардын инженердик кесипке болгон кызыгуусу төмөндөп кеткенин белгилейт.

Анын айтымында, Кыргыз-немис техникалык институнда тоо-кен багытындагы кесиптерге студенттерди кабыл алуу чоң көйгөй жаратат. Көпчүлүк учурда орундар толбой калат.

“Биздин институтта ЖРТдан төмөн балл алган балдар айрым багыттарга тапшырат. Бирок кызыгуунун жоктугунан улам окууну таштап коюшат. Андыктан университеттерде дагы инженердик кесипке тартуу үчүн шарттарды түзүү зарыл. Жаштар илим менен алектенели десе, лабораториялар эл аралык стандарттарга туура келбейт. Анын айынан илим толук кандуу жүргүзүлбөй макалаларын эл аралык журналдарга чагара алышпайт. Физика сабагынын китептери окуучуларга эмес чоңдорго дагы түшүнүксүз. Ушуга тиешелүү тарап көңүл бурушу керек. Анткени окуу куралы сапаттуу болбосо сапаттуу билим кайдан келет?” — дейт Абылбекова.

Ал буга кошумча, лабораториялык базанын жоктугунан улам студенттер илимий эмгектеринин жыйынтыгын эл аралык деңгээлде көрсөтө алышпай жатканын белиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM