Биз менен байланышыңыз

Мадуро 72 тонна алтынды мыйзамсыз саткан

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 741 | 0

Венесуэланын президенти Николас Мадуронун өкмөтү казынадан 72 тонна алтынды парламенттин уруксаты жок Түркия мене Бириккен Арап Эмираттарына сатып жиберген. Мындай маалыматты  парламенттин депутаты Карлос Папарони билдирди.

Анын айтымында 72 тонна алтындан 27 тоннасы Эмираттардагы Noor Capital фирмасына сатылган. Венесуэладан алтын сатып алганын аталган компания да тастыктаган. Ал эми 24 тоннасын Түркия сатып алган. Бул тууралуу түрк өкмөтү эч кандай маалымат берген эмес.

Өзүн президент деп жарыялаган Хуан Гуайдо баштаган парламент жана оппозиция өлкөнүн бир грамм дагы алтынын саттырбоого аракет кылып келишет.

Мындан сырткары Мадуро бийлиги Орусиядагы банк эсептерине 124 миллион евро которгону да маалымдалды. Өлкөдөгү элдик көтөрүлүш күчөгөн акыркы апталарда Венесуэла өкмөтү Евробиримдиктеги бир да банкка акча которуу-алуу операцияларын кыла албаганы буга кошумча шек жаратууда.

Түркия менен Орусия учурдагы саясий кризисте Мадурону колдогон саналуу өлкөлөрдүн ичинде.

Эске салсак, Николас Мадуро режими өлкөдөгү мунай өндүрүшүнүн кыскаруусу,  АКШнын санкцияларынын OPEC өлкөлөрүнүн  кирешелерине тийгизген таасири жана сырттан келчү кредиттердин токтогонуна байланыштуу бир жылдан бери алтын сатууну баштаган. Борбордук банктын 2018-жылкы билдирүүсүнө караганда Венесуэланын Англиядагы банктарда сакталган алтын резерви 132 тоннаны түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM