Биз менен байланышыңыз

«СССРдеги баалуулуктардын таасиринин астында жашайбыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Фев 2019 | 869 | 0

СССР жоюлуп, коммунисттик режим талкаланса да ошол кездеги баалуулуктардын таасиринин астында жашайбыз. Мындай пикирин Kyrgyz Concept ишканасыны негиздөөчүсү, мурдагы Экономика министри Эмил Уметалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал турмушта колдонгон баалуу нерселердин дээрлик көпчүлүгү Батыш өлкөлөрүнүн инновациялык технологиясынын жардамы менен жасалганын айтты.

«Көпчүлүгүбүз алма үзгөндү жактырабыз, бирок алма дарагын тиге албайбыз. Бизде “көчөт тикпегиле, алманы импорттоп алабыз” дешет. Биз жактырган продукцияларды, компьютер, автоунаа жана башка техникалардын баарын сырттан алып колдонобуз. Бул учурда Батыш алма дарагын тигип, ага кам көрө алган мамлекет болуп саналат. Миллиондогон адамдар алма жейбиз, бирок алма дарагын тигүүнү каалаган адамдарды “Батыштын баалуулуктарын алып келбе” деп урушабыз. Эмне себептен дарак тигип өзүбүз мөмө жетиштиргендин ордуна сырттан сатып алабыз? Биз алданып калганбыз, бул али көпчүлүккө жете элек», — дейт Уметалиев.

Copyright © 2017 Maral FM