Элдик дарыгер Хашим Зайналиевдин ишмердиги мыйзамсыз деп табылышы мүмкүн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Зайналиевдин өзүнүн медициналык деген ишмердигин жүргүзүүгө лицензия берилген эмес жана андан улам анын ишмердигин эч ким көзөмөлгө алган эмес.

Ал учурда Кыргызстанда медициналык жана фармацевттик ишмердик жеке жана юридикалык тараптар тарабынан тийиштүү мамлекеттик органдары берген атайын уруксаттын (лицензия) негизинде жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу жана 2018-жылдын 25-декабрында табыпка карата козголгон кылмыш ишинин бар экенин эске алып Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы Октябрь райондук сотуна Зайналиевдин ишмердигин мыйзамсыз деп табуу жана жеке медициналык иш жүргүзүүгө, лицензиясы жок дары-дармектерди ишмердигинде пайдаланууга тыюу салуу боюнча доо арыз берилген.

Учурда ал арыз каралууда.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 22-декабрында Зайналиевге карата 166-берене («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши ачылган. Ал кызматы үчүн 100 миң сом алганы, бирок анын кардарларынын бири каза болуп калганы аныкталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон аялдын арыз жазган тууганы доо коюудан баш тарткан. Мындан улам ал табып эч жакка кетпөө арызынын негизинде чыгарылган.