Биз менен байланышыңыз

Президент Бишкектеги мектептердин абалы менен таанышты

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 550 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин абалы менен таанышты.

Мамлекет башчысы борбор шаардагы № 69 жана № 12-мектептерге барып, класстарды көрдү.

Мектептердин жамааттары менен маектешүү учурунда өлкөдөгү ички миграция негизинен Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп көйгөлөрдү жаратканын, ушул себептен бул региондогу мектептерде окуучулардын өтө коп болуп жатканын белгиледи.

«Бул маселе менин көңүл борборумда. Былтыр коррупция менен күрөшүүдөн түшүп жаткан акчаны которууга атайын эсеп ачылган. Ошол каражат Чүй облусунда жана Бишкекте мектеп курууга жумшалат. Бишкек мэриясы менен Билим берүү жана илим министрлигине мектептер боюнча талдоо жүргүзүү тапшырмасы берилген. Анализ жасалды. Кайсы райондо мектеп жетишсиз болсо, ал жерлерде жаңы мектеп курулат. Окуучулардын саны ашыкча болуп жаткан мектептерге кошумча имарат курулат», — деп баса белгиледи президент.

 

Copyright © 2017 Maral FM