Биз менен байланышыңыз

Акматалиев: Жеке менчик мектептердин тамак-ашын текшерүү абдан татаал

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Фев 2019 | 607 | 0

Борбор калаанын мектептеринде балдарга берилген тамактын сапаты жылына 2 жолу текшерилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык борборунун санитардык дарыгери Бекзат Акматалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жеке менчик мектептерди текшерүү үчүн алдын ала кабар берип, уруксат алат.

«Бишкек шаарында тамак-аштын сапатын биз көзөмөлдөйбүз. Мектептеги тамак-ашты ата-эне, мугалим, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана биздин борбордон өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия дагы тескейт. Эгер компоттон курт чыкса, анда комиссияга айтып, чара көрүшү керек. Жеке менчик мектептер тамак-аштын тизмесин өздөрү түзөт. Жеке менчикке кирүү абдан татаал. Мыйзамга ылайык, 10 күн эрте кабар берип, текшерүүгө барабыз. Бул аралыкта көп нерсени оңдоп койсо болот. Эрежелерди өзгөртүү боюнча сунуш бергенбиз, бирок жыйынтык жок», — дейт Акматалиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM