Биз менен байланышыңыз

Өкмөт кайгуул милицияны түзүүгө киришти

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 593 | 0

Бишкек шаарында пилоттук долбоор алкагында 2019-2020-жылдарга Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгын түзүү боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тиешелүү буйрука өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, пилоттук долбоор Бишкек шаарында 2019-2020-жылдары ишке ашырылат, анын жыйынтыгында тутумдук талдоо жүргүзүлөт. Жаңы кызматка алуу сынактык негизде жүрөт. Мындан тышкары бардык талапкерлер милдеттүү кошумча окутуудан өтүшөт, анын жыйынтыгы боюнча алган билимдери текшерилмекчи.

Коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу максатында жаңы кабыл алынган кызматкерлер жогорулатылган акчалай көмөк алышат. Жаңы түзүлүп жаткан бөлүктүн материалдык-техникалык базасы жакшыртылат. Муну менен катар өлкөнүн антикоррупциялык органдары тарабынан кызматкерлердин ишмердиги катуу көзөмөлгө алынат.

Жаңы түзүлүп жаткан кызматка жол коопсуздугун камсыздоодон тышкары  коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук бузууларды жоюуга багытталган иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле «102» кызматына жарандардан келип түшкөн кайрылууларга ыкчам жооп кайтаруу милдети жүктөлөт.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына кызматкерлерди тандоо Бишкек шаарында пилоттук долбоордун алкагында үч баскычта өткөрүлөт. Биринчи баскычта тандалган кызматкерлер 2019-жылдын 1-июлунан тарта кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.

Copyright © 2017 Maral FM