Биз менен байланышыңыз

Милан Турпанов кайрадан Шахмат федерациясынын президенти болду

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 612 | 0

Милан Турпанов кайрадан Шахмат федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу аталган федерациянын маалымат кызматынан кабарлашты.

2019-жылдын 7-январында Шахмат федерациясынын жыйыны болуп, анда Федерацияга президентти шайлоо маселеси каралган.

Милан Турпановдун талапкерлиги жалгыз болгондуктан, делегаттар 2023- жылга чейин дагы бир мөнөткө шайланды.

Милан Турпанов биринчи жолу 2013-жылы Шахмат федерациясынын президенти болуп шайланган эле, 2015-жылы болсо экинчи мөөнөткө шайланган.

8-январда Шахмат федерациясынын вице-президенттери болуп Алмаз Кененбаев, Талант Мамытов, Чингис Сыдыбаев жана Алтынбек Асанов дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM