Биз менен байланышыңыз

Мамкаттоо: «18 миң бала каттоого алынган эмес» деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 697 | 0

18 миң баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү жок деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин бөлүм башчысы Гүлжан Атанаева “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы жалпысынан 172 миң 666 бала катталган. Анын ичинен 13 миңдейи 1 жаштан жогоркулар. Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү учурда балдарга күбөлүк алууда эч кандай тоскоолдук жана кыйынчылыктар жокко эсе экенин билдирди. Азыркы учурдагы электрондоштуруунун негизинде ата-эне балага 6-7 мүнөттүн ичинде баласына күбөлүк ала алат.

Кошумчалай кетсек, айрым басылмалар ЮНИСЕФтин маалыматына таянып, 5 жашка чейинки 18 миң бала расмий каттоого алынбаганын жазып чыгышкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM