Connect with us

Президент: Корчубек Акназаров мекенчилдиктин өрнөгүн көрсөттү

Кыска кабар | 3 Фев 2019 | 828 | 0

Бүгүн, 3-февралда Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Ага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков да катышканын президенттик аппараттан билдиришти.

Анда Жээнбеков элге, мамлекетке эбегейсиз зор салым кошкон ушундай инсандардын өтүп кетиши баары үчүн чоң кайгы экенин белгилеп, маркумдун уул-кыздарына, туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Корчубек агабыз бүткүл өмүрүн кыргыз элине, өлкөсүнө ак кызмат кылууга арнады. Чыныгы жаратмандыктын, таза жашоонун, бийик адамгерчиликтин, мекенчилдиктин өрнөгүн көрсөттү. Ал Улуу Ата Мекендик согушта, келечек муундун жаркын келечеги үчүн согуштун акырына чейин кан майданда жан аябай кызмат өтөгөн. Согуштан кийин кайсыл кызматта иштебесин, кайсыл милдетти аткарбасын, ишине адамдык таза ыйман менен мамиле жасаган. Артынан кыпындай жаман сөз ээрчиткен эмес», — деп айтты президент.

Акназаровдун эмгеги мамлекет жана эл тарабынан татыктуу бааланганын, көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн ал 1966-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры жогорку наамына татыктуу болгонун, эки Ленин, Октябрь революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланганын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, 2-февралда коомдук ишмер, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров 97 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты.

Copyright © 2017 Maral FM