Биз менен байланышыңыз

Алматыда 17 бажы кызматкери соттолду

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Фев 2019 | 624 | 0

Алматынын райондор аралык соту коррупцияга айыпталган 17 бажы кызматкерине карата өкүм чыгарды.

Казакстандын ЖМКлар айыпталуучулар «узак мөөнөттөргө» cоттолгонун жазышты.

Азырынча өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Эске салсак, былтыр февралда өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети Алматы облусундагы бажы бекеттерде атайын операцияларды жүргүзүп, 16 миң доллар жана төрт миллион теңгеден ашык акча алынганын кабарлаган.

Өткөн жылы ноябрда аталган облустагы бажы бекеттеринде иштеген сегиз кызматкер коррупция иши боюнча үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөттөргө соттолушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM