Connect with us

Венесуэла БАЭге 15 тонна алтын сатат

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Фев 2019 | 565 | 0

Венесуэла Бириккен Араб Эмираттарына 15 тонна алтын сатат. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, 26-январда Венесуэла үч тонна алтын жүктөлгөн учагын Эр-Риядга жөнөткөн. Жалпысынан өлкө Улуттук банкында сакталып турган 29 тонна алтынды сатууну көздөп жатат.

31-январда «Новая газета» басылмасы Венесуэланын Москвада сакталып турган алтынынын бир бөлүгү Дубайга жеткирилип, ошол жакта сатылганын, андан соң орус учагы акчаны Каракаска жеткирип бергенин билдирген.

ЖМКлардын маалыматына караганда, январга карата Орусияда Венесуэланын 1,2 миллиард долларга бааланган 30 тоннага жакын алтыны сакталып турган. «Новая газета» анын канчасы сатылганын жазган жок. Орусиянын Борбордук банкы алтындар сатылгандыгы тууралуу маалыматты четке кагууда.

Белгилей кетсек, январда Англия банкы аларда сакталып турган Венесуэланын алтын запасынын бир бөлүгүн ал өлкөнүн чиновниктерине берүүдөн баш тарткан. Учурда ал резервдерди АКШ жана Латын америка өлкөлөрүнүн көбү Венесуэланын убактылуу президенти деп тааныган оппозиция лидери Хуан Гуайдо алууга аракет кылып жатат. Тиешелүү өтүнүч менен ал Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйге кайрылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM