Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте «Тазалыктын» кызматкеринин операциясына карата жарманке өтөт

Кыска кабар | 2 Фев 2019 | 413 | 0

Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаарында «Тазалык» ишканасынын кызматкери Жеңиш Касымовдун операциясына акча чогултуу максатында жарманке өтөт.

Иш-чаранынын уюштуруучуларынын маалыматына ылайык, жарманке Бишкектин Манас проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде өтөт.

Белгилей кетсек, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкери Жеңишбек Касымовдын боору жабыркаган. Ал бооруна Индиядан операция жасатууга муктаж. Ал үчүн 30 миң доллар каражат керек. Касымов буга чейин Түркияга дарыланууга учуп барган. Бирок ал жактан донор туура келбей, жасалбай калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM