Биз менен байланышыңыз

Бүгүн «ЗиЛ» тоо лыжа базасында кайрымдуулук фестивалы өтөт

Кыска кабар | 2 Фев 2019 | 448 | 0

Бүгүн, 2-февралда «ЗиЛ» тоо лыжа базасында өтө турган «Кыргызстан — тоо лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү» аталышындагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу аталган мекеменин коммерциялык директору Данияр Бактыбеков  билдирди.

Анын айтымында, фестивалга карата «ЗиЛ» тоо лыжа базасында бардык кызматтарга 20% арзандатуу болот. Алсак, чоңдор үчүн скипастын баасы 1200 сомдон 960 сомго арзандатылат. Ал эми мектеп окуучулары үчүн скипастар 720 сомдон сатылат.

Бишкек шаарынан айтайын транспорт алып барып, кайра алып келет. Жол кире акысы 250 сом. Мындан сырткары лыжалардын ижара акысына дагы 50% арзандатуу болот.

Маалыматка ылайык, фестивалдан түшкөн бардык каражат кайрымдуулук иштерине жумшалат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM