Биз менен байланышыңыз

Президент Кашкар Жунушалиевди кабыл алды

Кыска кабар | 1 Фев 2019 | 577 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-февралда өлкөнүн Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Жолугушууда Ички иштер министри 2018-жылдын жыйынтыгы жана 2019-жылга карата пландар тууралуу айтып берди.

Анын маалыматына ылайык, 2019-жылдын январында 10 миңден ашуун кылмыштар жана жоруктар катталса, өткөн жылдын январында 2 миңге жетпеген кылмыштар катталган. Бул бардык кылмыштардын бирдиктүү реестрде катталып, натыйжада, кылмыштарды жаап-жашыруу азайганына байланыштуу болууда.

 «Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасындагы кылмыштардын бетин ачуу көбөйдү, бул коррупция менен күрөштүн жана ИИМде ишке ашырылып жаткан реформанын жыйынтыгы. Күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жазасын алышат. Биз таза, ачык жумушту жүргүзүүнү уланта беребиз», — деди министр.

Президент коомчулуктун ички иштер органдарына карата сын-пикирлеринин көбөйгөнүн эске алып, ИИМ өздүк курамды таза эмес кызматкерлерден тазалоо боюнча ачык ишти улантууга тийиш экенин айтты. Мамлекет башчысы ошондой эле ИИМдин жол коопсуздугун камсыздоочу бөлүктөрүн реформалоого багытталган иш-чараларды жүргүзүүнүн маанисин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM