Биз менен байланышыңыз

«Улуттук башкаруу компаниясы» ААКын түзүү сунушталды

Кыска кабар | 1 Фев 2019 | 479 | 0

«Улуттук башкаруу компаниясы» ачык акционердик коомун түзүү сунушу берилди. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

Фракция бүгүн мамлекеттик ишканалар менен акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө маселени карады.

«Биз 2019-жылы «Улуттук башкаруу компаниясы» ААКсын түзүү сунушун бердик. Анын башында премьер-министрдин өзү турушу керек. Бирок, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кала берет, анткени анда жаӊы холдингге берилбей турган иш-милдеттер да бар, — деди Түлөбердиев.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун курамына 106 мамлекеттик уюм кирет. Анын ичинде 48 ишкана кирешелүү, 17 ишкана чыгашалуу, 14 ишкана бюджеттик, 26 ишкана кирешесиз да, чыгашасыз да болуп саналат. Ал эми 1 ишкана кайра түзүмдөштүрүлүүдө, 9 акционердик коом банкрот абалында турат.

Мындай жагдайларды эске алуу менен, Өкмөткө «Улуттук башкаруу компаниясы» ачык акционердик коомун түзүү сунушталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM