Биз менен байланышыңыз

Милиция кызматкерлерине жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери өттү

Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 690 | 0

Жол кырсыгынан мектеп окуучусу мерт кеткен окуядан кийин Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы жол эрежелерин сактоо боюнча милиция кызматкерлерине атайын профилактикалык түшүндүрүү иштерин өткөрдү. Бул тууралуу Ички иштер кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери кызматтык тартипти бекем сактоосун күчөтүү жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында Ленин аянтында Чүй облустук Ички иштер кызматынын борбордук аппаратынын өздүк курамына профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле кызматтык транспорттордун техникалык паспорттору, кызматкерлердин айдоочулук күбөлүктөрү жана унаалардын салык төлөөсү боюнча документтери текшерилген.

Мындан сырткары маалыматта милиция кызматкерлеринин жол эрежелерин бузган учурларда жарандар менен бирдей жазага тартыла тургандыгы жана Ички иштер кызматкерлери тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынары айтылат.

Ыкчам-кызматтык милдеттерин же жеке иштерин аткарып жатып милиция кызматкерлери транспорт каражаттарын көп колдонот. Ошол эле учурда ар түрдүү жол кырсыктарынын катышуучусу да болуп калышы мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM