Биз менен байланышыңыз

Райымбек Матраимовдун мүлкү текшериле баштады

Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 1367 | 0

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү текшериле баштады. Текшерүү иштерин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жүргүзүп жатат. Мындай маалыматты президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева “Марал” радиосуна тастыктады.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жылдын 19-декабрында журналисттерге берген маалымат жыйында Райымбек Матраимовдун мүлкү тууралуу далилдер болсо текшерүүгө алынарын айткан.

Эске салсак, мурунку премьер-министр Сапар Исаков «иши саясий жетекчиликтин саясатына дал келбейт» деген жүйө менен Райымбек Матраимовду кызматтан алган. Ал былтыр 26-апрелде өзүн негизсиз кызматтан алганы үчүн өкмөт менен Бажы кызматынын үстүнөн Биринчи май райондук сотуна арыз жазган. Райондук сот анын арызын канааттандырып, кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган. Шаардык сот да бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Copyright © 2017 Maral FM