Биз менен байланышыңыз

5-февралдан тарта туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 448 | 0

Кыргызстан аймактарында 5-февралдан тарта туруксуз аба ырайы күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 5-7-февраль күндөрү көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

6-9февралда абанын табы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -17…-22, күндүз -6…-11 градус суук болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6 градуска чейин төмөндөйт.

Ысык-Көлдүн аймактарында түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5 градуска чейин төмөндөйт.

Нарын облусунун тоолуу райондорунда түнкүсүн -28…-33, күндүз -12…-17 градуска чейин суук болот. Суусамырда түнкүсүн -33…-38, күндүз -13…-18.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM