Коопсуз шаардын алкагында айыптарды жазууну бир айга жылдыруу сунушталды. Демилгени Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети берип жатат. Мунун себебин комитет жетекчиси Бакыт Шаршембиев элге түшүндүрүү иштерин толук жүргүзүү менен байланыштырууда.
А бирок буга чейин пландалгандай 12-февралдан тарта жол эрежесин бузган айдоочуларды камералар каттоого ала баштайт. Бирок дароо төлөөгө милдеттендирилбейт.
—Биз 12-февралда камераларды толук ишке киргизгенге даярбыз. Бирок бизге дагы сунуштар келип түштү. Жол эрежесин бузган айдоочулар буга даяр эмес, ошондуктан дагы убакыт бергиле, деген сөздөр болду. А өкмөттүн токтомунда 12-февдалда айып пулдар айдоочунун үйүнө келе башташы керек эле. Бирок айдоочулардын даярдыгы жоктугунан ушундай демилгени берип жатабыз.
Өкмөт башчы менен өткөн жыйында да бир айлык мөөнөттө жол эрежесин бузган айдоочуга салынган айып пулду камерага тарткандан баштап, аны төлөгөнгө чейинки процедура дыкат иштелип чыгылаарын белгиленди. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев төмөнкүлөрдү айтты.
—«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы аягына чыгып, ишин баштоо алдында турат. Жакында биринчи жол коопсуздугу боюнча тартип бузгандар каттоого алынат. Мында Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын орду, инфраструктураны түзүп берип жаткан жергиликтүү бийликтин орду кандай болот, банк аркылуу кандай иштер жүрөт. Ким эмнеге жооп бере турганы толук белгилүү болушу керек.
Негизинен аппараттык комплекс тарабынан тартылып аныкталган эреже бузуулар биринчи Мамлекеттик каттоо кызматына барат. Ал жерде ошол траспорттук каражат кимге катталганы тууралуу маалымат такталат. Андан соң Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилет. Бүгүнкү күнү бул кызматта атайын мониториг борбору түзүлгөн. Бул жерде 75 оператор атайын окуудан өтүп жатат. Учурда бул иштер аягына чыгып калганын башкармалыктын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов айтты.
— Дал ушул кызматкерлер тараптан эреже бузуу аныкталган соң гана почта аркылуу унаа ээсинин үйүнө айып пул жеткирилмекчи. Ал үчүн биз «Кыргыз почтасы» менен дагы келишим түздүк. Эми унаа кимге катталган болсо, дал ошол адамдын атына жана жашаган жерине айып пулдар жеткирилип турат.
А бирок унаа чыныгы ээсине катталбаган учурлар арбын. Кыргызстандагы жалпы 1,5 млн унаа болсо, анын ичинен 400-500миңи ишеним кат менен айдап жүрөт деген маалыматтар бар.
Мамлекетик каттоо кызмат тараптан өткөн жылы унааны кайра каттоо өнөктүгү 3 айлык мөөнөттө өткөн. Бул жеңилдетилген тартипте жүргөн. Анын жыйынтыгында жарандар үч эсеге чейин кайра каттатуу болгонун аталган кызматтын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмүнүн башчысы Усеин Касмалиев айтты.
—Ишеним кат — бул унаанын чыныгы ээсинин эле бир өкүлү катары эсептелет. Бирок биздин көпчүлүк жарандар ишеним кат менен эле унаанын чыныгы ээсимин деп жүрүшөт. Бул туура эмес. Жаңылыштык. Кандайдыр бир себептен унаанын чыныгы ээси кайтыш болуп кете турган болсо, ишеним кат дароо күчүн жоготот. Экинчиден, унаа ээси каалаган учурда ишеним катты жокко чыгарып койсо да болот. Анан да ишеним кат бердим ошону менен толук жоопкерчиликтен кутулдум деген дагы жаңылыш ой. Ошондуктан унааларды кайра каттатып алууга чакырам.
Бүгүнкү күнү Бишкек шаардык мэриясы камера коюу иштеринин дээрлик 80 пайызга бүткөнүн маалымдады. Шаардык траспорт башкармалыгынын бөлүм жетекчиси Кубан Жусупов айтымында, учурда жол белгилери жана чырактарды орнотуу иштери бүтүү алдында турат.
—Камералардын Бөкөнбаев менен Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишине коюлгандары азыр тесттик режимде иштеп баштады. Абдырахманов-Москва көчөсүнө дагы коюлду. Анан дагы башка кесилиштерде дагы иштер жүрүп жатат. Бул иштерди «Вега» компаниясы жүргүзүп жатат. А Бишкек шаардык мэрия тараптан эскертүүлөрдү, жол белгилерди коюп жатабыз. Буга кошумча, камерага тоскоолдук жараткан бактардын бутактарын араалап, чыгарактарды орнотуудабыз. Буюрса, иштердин 80 пайызы бүттү. Калган жумуштар 10-февралга чейин толук аяктайт.
Эми кеткен чыгымдар айып пулдун эсебинен шаардык мэрияга төлөнүп берилет.
Эскерте кетсек, Өкмөттүн маалыматына караганда, долбоордун сынактагы баасы 2,5 млрд. сом менен башталган, уткан компания аны 2 млрд. 320 миллион сомго ишке ашырууга макул болгон.
Бул каражатты «Вега» компаниясы долбоорго салып, кийинки беш жыл ичинде ар бир жол эрежесин бузууга төлөнгөн айып пулдан орточо 210 сомду алып турат. Орусиялык компания долбоорго жумшаган акчасынын ордун ушундай ыкма менен толтуруп, пайда көрмөкчү.