Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасы 10-февралга чейин жабылат

Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 580 | 0

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери 2-февралдан 10-февралга чейин жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Чек ара Кытай тараптын демилгеси менен улуттук «Жаз» майрамына байланыштуу жабылууда.

Жарандарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү 11-февралда кайра жанданат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM