Биз менен байланышыңыз

16 унаанын мыйзамсыз ташылып келгени аныкталды

Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 520 | 0

Кыргызстанга транспорттук каражаттарды ташып келүүдө бажы мыйзамдары бузулган бир канча факттылар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда кызматкерлер 16 жүк ташуучу Volvo, DAF жана MAN үлгүсүндөгү транспорт каражаттарын жана 13 чиркегич алып келүүдө бажы мыйзамдары бузулган факыларды аныкташкан. Ошол эле учурда эки Hyundai Porter жана Mercedes-Benz Vito үлгүсүндөгү унаалар да болгон. Ыкчам-иликтөө учурунда бардык унаалар жасалма документтер менен алгачкы каттоого тургандыктары аныкталган.

Транспорт каражаттарын мыйзамсыз каттоо боюнча Мамлекеттик бажы кызматына 154,9 миң сомдук зыян келтирилген.

Аталган мыйзам бузуу боюнча Бажы кызматы тарабынан даярдалган материалдар Башкы прокуратурага жиберилди.

Copyright © 2017 Maral FM