Биз менен байланышыңыз

Дүйнөнүн коррупциялык рейтинги жарыяланды: Кыргызстан 132-орунда

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 623 | 0

Бүткүл дүйнөлүк Trancparency International коррупцияга каршы күрөшүү коалициясы 180 мамлекеттеги коррупциянын абалын байкоого алып, өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады. Анда мамлекеттик кызматтарда коррупциялык  элементтердин колдонулуу деңгээлин, мамлекеттик иштердин ачык-айкындуулугун жана жарандардын ага аралашуусунун санын эске алышкан.

Уюмдун расмий сайтына жарыяланган тизмеде Кыргызстан 132-орунда жайгашкан. 100дөн 29 балл топтогон өлкөбүз Боливия, Гондурас, Лаос, Мьянма жана Парагвай менен бир катардан орун алган.

Ал эми Орто Азия өлкөлөрүнөн эң жакшы көрсөткүч Казакстанга тиешелүү. Алар 31 балл менен 124-орунда жайгашкан. Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу коңшулар коррупцияга бизге караганда жакыныраак экени маалым болду. Аталган өлкөлөр 150-орундан төмөндө жайгашышкан.

Кызыгы, Орусия бул жолу бизден да төмөн, 138-орунда калды. Бул рейтингде Орусия өз позициясын жоготуп баратат. Быйыл да бир балл төмөнгө түштү.

Рейтинг боюнча дүйнөнүн эң таза, коррупциясыз өлкөлөрүнүн сап башында Дания турат. Артынан Жаңы Зеландия, Финландия, Сингапур келет. Ал эми эң алдынкы ондукка булардан сырткары Швеция, Швейцария, Норвегия, Голландия, Люксембург жана Канада кирген.

Ал эми коррупциянын «мекени» деп Сомали өлкөсү аталды.

 

Copyright © 2017 Maral FM