Биз менен байланышыңыз

Эми Кыргызстан-Түркия бири-биринин жарандарына пенсия төлөй баштайт

Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 610 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз- түрк өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган Социалдык камсыз кылуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Ага ылайык, эми эки тарап өз өлкөсүндө жашаган бири-биринин жарандарына пенсия төлөй турган болушту. Анда пенсия алуучу ошол өлкөнүнүн мыйзамдарына ылайык, ээ болгон стажына жана эсебине карап пенсия алат. Эгерде тараптардын биринин мыйзамдары боюнча ээ болгон камсыздандыруу стажы жетишсиз болсо, анда эки мамлекеттин мыйзамдары боюнча түзүлгөн камсыздандыруу стажын кошуу каралууда.

Келишимге ылайык, ар бир Тарап иштегендерге өз мамлекетинин аймагында иштеген мезгил үчүн пенсиянын бөлүгүн төлөп берет.

Келишим менен эмгектик мертинүү жана кесиптик оорулар боюнча төлөмдөр, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жана убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жана сөөк коюуга жөлөкпулдар ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык төлөнө тургандыгы каралууда.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган. Ал расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирери маалыматта айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM