Биз менен байланышыңыз

Бир айда Кыргызстанга 19 мекендештин сөөгү алып келинген

Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 1278 | 0

2019-жылдын башынан бери Кыргызстанга 19 мекендештин сөөгү алып келинген. Бул тууралуу Миграция кызматынын консультациялык борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 18 кыргыз мигранты Орусияда көз жумган. Учурда жүк 200дү алып келүүнүн чыгымын төлөө боюнча 20 арыз каралууда. Жалпысынан 1 млн сом төлөнүшү керек. Жүк 200дү алып келүүнүн суммасы 35-40 миң сом турат.

Эске салсак, 2018-жылы чет жакта көз жумган мекендештердин сөөгүн алып келүү боюнча 200гө жакын арыз түшкөн. Анын ичинен 178 жаран Орусияда, үчөө Казакстанда жана Түштүк Кореяда, 10 жаран Түркияда жана башка өлкөлөрдө каза болушкан.

Миграция кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз мигранттары көбүнчө курулушта жана өндүрүш иштери учурунда каза болушат.

Copyright © 2017 Maral FM