Биз менен байланышыңыз

«ЗиЛде» өтчү фестивалдан түшкөн акча кайда жумшалары айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Янв 2019 | 865 | 0

«Кыргызстан — тоо лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү» аталышындагы фестивалдан түшкөн бардык каражат кайрымдуулук иштерине жумшалат. Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү кеңешинин эксперти Аскат Сейитбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, февтивалда түрдүү мелдештер, сынак, аукциондор уюштурулат. Мындан сырткары 150 сомдон билет сатылат. Түшкөн каражат  «Колдон колго » жана «Элим барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фонддоруна которулат.

Фетиваль 2-февралда «ЗиЛ» тоо лыжа базасында өтөт.

Сейитбеков өткөн жылы уюштурулган кайрымдуулук фестивалынан 237 миң сом чогултулганын айтат. Ал буга кошумча, тоо лыжа кластерин ачуу боюнча пилоттук долбоор бир айдын ичинде киргизилерин белгиледи. Учурда бул маселе боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады.

«Жек менчик тоо лыжа базаларындагы кызматтардын баасын Монополияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү көзөмөлдөп турат. Базалар жаңыдан өнүгүп жаткандыктан баалар кымбат болушу мүмкүн. Нарынга чейин ашуулар бар. Ал эми эл аралык сатндарттарга ылайык, ашуулар дагы кооптуулук жаратат. Андыктан Нарынга аэропорт салынса мүмкүн кышында да туристтер бармак», — дейт Сейитбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM