Биз менен байланышыңыз

Индонезиядагы сел 70 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Янв 2019 | 547 | 0

Индонезиянын Сулавеси аралындагы селдин кесепетинен улам 70 адам каза тапты. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдирет.

Индонезиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Сутопо Пурво Нугрохонун айтымында, табигый кырсыктан 47 адам түрдүү жарат алган.  Сел бир нече имараттарга зыян келтирген. Мындан сырткары 9 көпүрө кыйрап, жок болгон.

Суу ташкындарына тынымсыз жааган жаандан себеп болгон. Тагыраагы, жаандан улам дарыянын деңгээли көтөрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM