Биз менен байланышыңыз

Бразилияда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Янв 2019 | 503 | 0

Бразилияда дамба жарылып, 40 киши каза тапты. Кырсык Минас-Жерайс штатынын түштүк-чыгыш тарабында катталган.

Өлкөнүн өрт өчүрүү кызматынын маалыматына ылайык, учурда 250дөн ашуун адам дайынсыз болуп жатат. Өлкө бийлиги курман болгондордун саны өсүшү мүмкүн экенин айтат. Каргашалуу окуядан улам Бразилияда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды.

Кырсыктан улам дамбага жакын жердеги курулуш иштери, турак жайлар жана административдик имараттар ойрон болгон. Дамба металлургиялык өнөр жайдан чыккан калдыктары бар сууну тосуп турган. Ал жергиликтүү Vale тоо-кен компаниясына таандык болчу. Кырсыктан соң өкмөт ишкананын  1,3 млрд доллар каражатын тондуруп койду. Эми ал акчалар жабырлануучулардын жардамына жумшалат.

Белгилей кетсек, 2015-жылы дагы Минас-Жерайс штатында ушундай окуя катталдып, 16 адам көз жумган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM