Биз менен байланышыңыз

«Digital CASA — КР» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыска кабар | 27 Янв 2019 | 498 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Ага ылайык, «Digital CASA — Кыргыз Республикасы» долбоорунун максаты жеке сектордун инвестицияларын инфраструктурага тартуу,  мамлекеттик саясат менен ченемдик укуктук базаны жөнгө салууну өркүндөтүү аркылуу Борбор Азиянын кургактык менен курчалган жана Түштүк Азия аймактарындагы өлкөлөрүндө интернет тармагына кеңири тилкедеги жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн региондук, трансчекаралык мамилелерди киргизүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 27-декабрында кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM