Биз менен байланышыңыз

Мексика жардыруудан каза тапкандардын саны өстү

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Янв 2019 | 531 | 0

Мексикада түтүктүн жарылуусунан улам каза тапкандардын саны 114кө жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Ага ылайык, шаардын ооруканаларында 33 жарадар дарыланып жатат. Мындан сырткары оор жаракат алган 3 адам Техастын бейтапканасында.

Акыркы маалыматтарга караганда, 46 адам алган түрдүү жаратынан улам бейтапканада жан берген.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-январында Мексиканын Идальго штатындагы Тлахуэлилпан шаарында жүзгө чукул адам күйүүчү май уурдап жатканда түтүк жарылып кеткен. Кырсыкка түтүктү туура эмес кесүү себеп болгонун жергиликтүү Pemex мунай зат компаниясы айтып чыккан эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM