Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Темир жол түйүнүнүн иштөө принциптерин кайра карап чыгуу зарыл

Кыска кабар | 27 Янв 2019 | 390 | 0

2019-2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Темир жол транспортун өнүктүрүү концепциясынын долбоорунун алкагында ишканаларды башкаруунун жаңы модели – акционерлештирүүнү түзүү пландаштырылууда. Бул тууралуу  «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» ишканасынын башкы директору Канатбек Абдыкеримов билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоорундан баштапкы этабында жүктөрдү жөнөтүү боюнча потенциалдуу инвесторлор менен биргелешкен ишкана түзүүнү сунушталууда. Бул темир жол тармагын өнүктүрүү үчүн кошумча каржы ресурстарын тартууга шарт түзөт.

Ошондой эле темир жол транспорту фонддорун жаңылоо жана модернизациялоону каржылоого мамлекеттик жана жеке катышуу механизмдерин киргизүү пландашырылууда. Муну менен катар иштин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу каралып жатат.

Концепциянын максаты – экономиканын, чарбалык субъекттердин жана калктын коопсуз темир жол менен ташууларга керектөөсүн натыйжалуу камсыз кылуу аркылуу өлкөдө экономикалык өсүүнү жана социалдык жетиштүүлүктү камсыздоо үчүн шарттарды түзүү.

Абдыкеримов белгилегендей, концепциянын маанилүү милдеттеринин бири темир жол тармагына жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу болуп саналат.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев темир жол транспортун өнүктүрүү маселеси боюнча өткөн кеңешмеде «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасын акционерлештирүүгө тийиштүү чараларды тездетүүнү тапшырды.

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы сыяктуу стратегиялык объект учурдагыдай абалда калышына жол берилбеши керек. Темир жол транспорту тармагындагы абалды кескин түрдө өзгөртүү үчүн компаниянын кирешелүү, модернизацияланган жана өнүгүү жолуна түшүүсү зарыл. Реформалоонун бардык баскычтарын тыкыр иштеп чыгып, аны натыйжалуу ишке ашырылышына жетишүүбүз керек. Компаниянын ишинин ачыктыгын жогорулатып, инвестицияларды натыйжалуу пайдалануу үчүн бардык шарттарды камсыздоо максатында келечектеги акчалай каражаттардын агымын тыкыр талдоого алуу зарыл, – деп белгиледи Абылгазиев.

Маалым болгондой, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кирүүсү менен  оор жүк ташуу көлөмү өскөн.  Алсак, 2016-жылдан 2018-жылга чейин темир жол транспорту аркылуу ташылган жүктүн көлөмү 6030,5 миң тоннадан (2016-ж.) 7440,1 миң тоннага чейин жеткен (2018-ж.), башкача айтканда, өсүш 1409,6 миң тоннага жетип, 123,4% түзгөн.

«Кыргыз темир жолу» УК» «Узбекистон темир йуллари» АК менен жүктөрдүн бардык түрүн ташууга жеңилдиктердин берилиши жөнүндө макулдашууга жетишкен.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM