Биз менен байланышыңыз

Аким: Кулан-Ата базарынын ордуна көп кабаттуу үй курулбайт

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Янв 2019 | 665 | 0

Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Ренат Айтымбетов “Марал” радиосуна берген маегинде Орто-Сай базарын көчүрүү планда жок экенин билдирди.

Анын айтымында, шаар бийлиги Орто-Сай базарын башаламан соода-сатыктардан тазалап жатат.

«Орто-Сай базарында жалпы 45 майда базар бар. Алардын бири Кулан-Ата базарында 200дөй контейнер бар. Ал жерде иштегендер мурда 7700 сомдон ижара төлөп келген. Эми базар жетекчиси ижара акысын 10 миң сомго көтөрүп жатат. Жетикчи менен сүйлөшүп, акыны акырындык менен көтөрүүсүн, базардын инфраструктурасын оңдоосун айттык. Бул базардын ордуна көп кабаттуу үй курулбайт. Бирок базардын ээси контейнерлерди алып ордуна чоң соода борборун курууну пландап жатат. Ага уруксат берилиши мүмкүн», — дейт Айтымбетов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM