Биз менен байланышыңыз

Улуттар аралык кастыкты козуткан видеороликти таркаткан жаран кармалды

Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 674 | 0

Улуттук коопсуздук комитетинин ыкчам иликтөөсүнүн натыйжасында Өзбекстанда жаш балдардын мушташкан видеосун тараткан адам такталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган видеороликти тараткан жаран Жалал-Абад облусунун 1992-жылы туулган тургуну Эдил Өмүрбеков экендиги аныкталган. Аталган видеоролик эки өлкө ортосундагы кастыкты козутуу максатында таратылган.

Аталган факты боюнча материал кылмыш жана укук бузуунун Бирдиктүү реестринде катталды.

Эдил Өмүрбековдун учурда Орусияда экендигин аныкталды. Так дареги аныкталган соң иликтөө иштери жүргүзүлөрүн билдиришти.

Аталган иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин ( расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) 313-беренесине ылайык жоопко тартылышы  күтүлөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM