Биз менен байланышыңыз

Президент социалдык өнүктүрүү органдарындагы коррупцияны жоюуну тапшырды

Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 444 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-январда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алды. Жолугушууда министр мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүнү автоматташтырууну ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Президент 2019-жылдын декабрь айына чейин аймактарда 10дон кем эмес электрондук кызматтарды көрсөтүүчү борборлорду түзүү керектигин айтты.

Ошондой эле аймактарда жөлөкпулдарды жана компенсациялык төлөмдөрдү бөлүүдө социалдык өнүктүрүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуну тапшырды. Жашы жете элек балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү фактыларынын көбөйгөнүн, 2018-жылдын декабрынан бери эле 6 окуя катталганын эске салды.

«Камкордуксуз жана көзөмөлсүз калган ар бир баланы аныктап, оор турмуштук шартта жашаган балдарды коргоо боюнча иш-чаралар планын жана үй-бүлө менен жекече иштөөнүн планын иштеп чыгуу, аларга тиешелүү кызматкерлердин социалдык коштоосун камсыз кылуу керек», — деди Жээнбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM