Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев таасирдүү энергетикалык механизмдерди иштеп чыгууну тапшырды

Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 708 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата  аасирдүү энергетикалык механизмдерди иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында жаңы өндүрүштүк объектилерди ишке киргизүү жана башкаруу процесстерин автоматташтыруу бир топ  энергетикалык кубаттуулукту талап кыларын баса белгилеп, таасирдүү энергетикалык механизмдерди иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле өкмөт башчы энергетика тармагындагы баардык коррупциялык иштерди жоюп, элдин ишенимин кайтарып алуу керектигине токтолду.

Мындан тышкары, премьер-министр көпчүлүк энергетикалык жабдуулар чет өлкөдөн алынарын айтып, өлкө аймагында «акылдуу эсептегичтерди», кабелдик продукцияны, трансформаторлорду жана башка техниканы чыгаруу үчүн өндүрүштү уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүүнү буйруду.

Copyright © 2017 Maral FM