Биз менен байланышыңыз

Өмүракунов: Түркиянын социалдык ландшафты өзгөрүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Янв 2019 | 657 | 0

Түркияда ЖМКлардын 90% бийликтин колунда болгондуктан, шайлоо алдында элди түрдүү тайпаларга бөлүп жатат. Мындай жол менен жеригиликтүү шайлоону жеңип алуу маселелери турат. Бул тууралуу “Саресеп” коомдук-аналитикалык сайтынын башкы редактору Эсен Өмүракунов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы Түркия тышкы саясатта чечкиндүү кадамдарды көрсөтүүгө аракет кылат. Учурда өлкөдөгү экономикалык кризис карапайым калктын чөнтөгүнө түшкөн.

Өмүракунов түрк бийлиги өзүнө жакын адамдарга тендерлерди уттуруп, сырттан келген акчаларды керексиз долбоорлорго жумшап жибергенин белгилейт.

«Бийлик эч качан уттурбаган бизнестин баарын жакындарына алып бергендиктен инвесторлор, ишкерлер өлкөдөн качып чыгып кетүүдө. Түрдүү нерсеге айыптап ишкерлердин бизнесин тартылып алынууда. Мындан улам миграция күч алды. Алсак, учурда эмгекке жарамдуу адамдар көчүп жатат. Түркияда адамдардын адистигине, мүмкүнчүлүгүн каралбай, бийлик жактырбаган адамдарын жерип жатат. Башкача айтканда, өлкөнүн социалдык ландшафты өзгөрүүдө. Радикалдык тайпалар коомду экиге бөлүп жаткандыктан, Түркиядан сыртка качкандар көп болууда», — дейт Өмүракунов.

Copyright © 2017 Maral FM