Биз менен байланышыңыз

Өмүракунов: Трамп Эрдогандын кантип коркутарын билип калды

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Янв 2019 | 593 | 0

“Саресеп” коомдук-аналитикалык сайтынын башкы редактору Эсен Өмүракунов «Марал» радиосуна берген маегинде Түркиянын лидери Режеп Таййип Эрдоган өзүнүн соодасын жүргүзүү үчүн АКШга НАТОдон чыгам деп коркутуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, бирок АКШнын президенти Дональд Трамп Эрдогандын мындай амалын билип калган. Трамптын АКШга лидер болуп келиши менен Эрдоган утулуп бара жатат.

«Түркиянын улуттук банкынын кызматкери Хакан Атилла Америкада соттолуп жатат. 4 министрге жана Эрдоганга пара берген жаран баарын “сайрап” берген. Түркия АКШдан учак алам дегени менен Америка учактарды берүүнү токтотуп койду. Дин аалымы Ф.Гүленди уурдоо боюнча эки министрдин аты аталып, бул боюнча кылмыш иши ачылган. Түркиянын бир чиновнигине ИШИМге жакын баш кесерлерге курал жөнөтүп, аларды Түркияда эс алдырган деген айып тагылып, кылмыш иши козголуп, Амеракада камалып турат», — дейт Өмүракунов.

Ал Эрдогандын бийлиги менен түрк интеллигенциясын, ишкерлерин, коомдук ишмерлерин айырмалап кароо зарыл экенин белгилейт. Анткени түрк эли жердин кыртышы экенин айтып, ал эми бийлик алмаша берерин кошумчалайт.

«Түркия 3 млн сириялыкты батырып, аларды кара жумуштарга иштетип жатат. Бирок түрк бийлиги качкындарга берилген 3 млрд евронун 1 млрд 200 млн евросунун кайда кеткенин далилдей алган жок. Эми сириялык качкындарга убактылуу паспорт берип, шайлоого колдонууга камынууда», — дейт Өмүракунов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM