Биз менен байланышыңыз

Президент Идрис Кадыркуловду кабыл алды

Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 428 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан маалымдашты.

Жээнбеков анда коррупцияга каршы күрөшүү, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоого байланыштуу кызматтык кылмыштардын бетин ачуу боюнча активдүү жумушту улантуу керектигин белгиледи.

Ошондой эле УКМКнын өткөн жылдагы ишмердигинин натыйжалары, Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жана 14-декабрындагы чечимдерин ишке ашыруунун алкагында коюлган тапшырмаларды аткаруу иштери талкууланды.

Ошондой эле Идрис Кадыркулов Кыргызстан жарандарынын коопсуздугун камсыздоо, ички жана тышкы коркунучтарга, эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча комитеттин ишмердиги жөнүндө маалымат берди.

Президент өлкөнү санариптештирүү чараларынын алкагында УКМК тиешелүү органдар менен биргеликте киберкоопсуздукту камсыздоо жана өлкөнүң маалыматтык инфраструктурасын ишенимдүү коргоо маселелеринин үстүндө иштөөсү зарыл экенин да айтты.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM