Биз менен байланышыңыз

23-январда жаан-чачын күтүлбөйт

Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 426 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 23-январда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;

Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…-9 градус суук болот.

Бишкекте 23-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы +1…+3° болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM