Биз менен байланышыңыз

«Эйр Кыргызстан» май куюучу компанияларга 323 млн сом карыз

Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 864 | 0

Заманбап учактардын жоктугунан улам «Эйр Кыргызстан» ишканасынын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Бүгүн, 22-январда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Эйр Кыргызстан» компаниясынын абалы талкууланды.

Түлөбердиевдин айтымында, «Эйр Кыргыстандын» болгону 4 учагы бар. Анын экөө колдонулбай автотоктотмодо турат. Бири кыймылдаткычы оӊдоону талап кылып, 2017-жылдын ноябрынан бери автотоктотмодо турат.

Ал эми экинчи учак болсо лизинг төлөмдөрүнө төлөөгө каражат жоктугуна байланыштуу ижарага берилген.

Мындан сырткары, Түлөбердиев аба учактары паркын жаӊылоого каражат жоктугу башкы көйгөй болуп жаткандыгын, ошондой эле май менен камсыздаган компанияларга карыз экенин маалымдады.

2018-жылдын 9 айында кредиттик карыздар 323 млн сомду түзсө, дивиденддер боюнча карыз 4 млн 400 сом болгон.

Вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматы боюнча, «Эйр Кыргызстан» ачык ационердик коому инвестициялык сынакка коюлуп, эки жолу өткөн жок деп таанылган.

«Эйр Кыргызстан» ААКнын акцияларын реализациялоо үчүн акцияларды көбөйтүү аркылуу инвесторлорду тартуу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM