Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөлүктөр ак шумкарлардын оюнуна суктанышты

Кыска кабар , Спорт | 22 Янв 2019 | 7794 | 1

Кыргызстан Азия кубогунун 1/8 финалында талаа ээлери Бириккен Араб Эмирлигине 3-2 эсебинде жеңилип калды. Мындай жыйынтык аталган мелдештин фейсбуктагы расмий баракчасына да жарыяланды. Утушка жергиликтүүлөр ээ болгону менен баракчага пикир калтыргандардын басымдуусу Кыргызстандын мыкты оюн көрсөткөнүн айтып, таң калышканын да белгилешкен.

Давид Жаи – Гонконг: -Кыргыздар мыкты. Азия кубогуна алгачкы жолу катышып жатат. Керемет оюн болду. Келечекке ийгилик каалайм.

Пабло Сандовал Чили: -Кыргызстанга таазим. Чилиден.

Маурисио Хезус Бежарано Алфаро: — Дүйнөнүн сый-урматына татыганы үчүн Кыргызстанга Коста-Рикадан дүркүрөгөн кол чабуулар.

Дуй Линг Нгуен – Вьетнам: -Кыргызстан мыкты ойноду. Бул жерде беттеш эмес кыргыздын духун дүйнөдөгө таанытуу орун алды. Силер азаматсыңар. Вьетнамдан.

Эксел Де Ти: Эгер Кыргызстан келечектеги беттештерде да ушундай оюн көрсөтө турган болсо, алар 2022-жылы дүйнө чемпиону болушат.

Шаян Месбахи – Калифорния: Кыргыз курама командасы жана эли башты бийик көтөрүшү керек. Кандай мыкты команда! Алар эми кубоктун калган беттештерине катыша албай калса керек.

Юнус Хамид – Ирак: -Кыргызстан, силер баатырларча беттешип, мыкты команда менен керемет оюн көрсөттүңөр. Ирактан салам.

Банг Там – Вьетнам: -Кыргыздын духу таң каларлык экен. Силер жакшы ойнодуңар, бирок тең чыгууга бираз жетпей калды. Өзгөчө оюн көрсөткөнүңөргө рахмат.

Жирают Жункой – Таиланд: -Мен көргөн оюндардын ичинен эң калыс эмес жана бир жактуу оюн болду.

https://www.facebook.com/pg/theafcasiancup/posts/?ref=page_internal 

Fox sports дүйнөлүк спорт басылмасынын журналисти Роб Корнзвейт өзүнүн твиттердеги баракчасына беттеш тууралуу пикирин билдирген.

«Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин ортосундагы беттеш кандай керемет жыйынтыкталды. Алгачкы 90 мүнөт, андан кийин кошумча убакыт. Мен бардык калыс күйөрмандар Кыргызстан тарапта болду деп ойлойм. Эмне деген күрөш жана алар мындан да артыгына татыктуу эле. Валерий Кичиндин футболкасын кайсыл жактан сатып алсам болот?»

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан Азия кубогуна алгачкы жолу катышып, анда С тайпасына туш келген. Анда Кытай менен Түштүк Кореяга жеңилип, Филиппинди утуп, плей-оффко аттанган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM