Биз менен байланышыңыз

Цирктин кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты

Кыска кабар | 21 Янв 2019 | 875 | 0

Мамлекеттик цирктин кызматкерлери мекемеге директор дайындоо маселеси создугуп кеткендиктен, ошондой эле ар кандай имиштер менен коштолгондуктан Ак үйдүн алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Алар ачык асман алдында цирк оюндарын көрсөтүшүп, ушундай жол менен жаңы жетекчини дайындоодогу ызы-чууларга каршылыгын билдирип, үнүбүз президентке жетсин дешүүдө. Цирктин кызматкерлери жаачы Аида Акматованын талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Эске салсак, мамлекеттик циркке 2018-жылдын 20-декабрынан бери жетекчи дайындала элек. Буга чейинки директор Курмангазы Исанаевге жамаат нааразылык билдирип чыгышкан.

Министр: Циркти жакшы билген эмес, менеджер киши жетектеши керек

Copyright © 2017 Maral FM