Биз менен байланышыңыз

Жороев: Түштүк магистраль тараптагы курулуштун баары мыйзамсыз эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Янв 2019 | 992 | 0

Сейсмологиялык туруктуулук боюнча ар бир курулуш текшерилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Жороев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Ата тектоникалык жаракасы Бишкектин түштүк магистраль тарабындагы тоонун асты менен өтөт. Анын таасир берүү зооналары аныкталып, аймака кандай имараттарды курууга болору белгиленет.

«Жарака Аламүдүн аймагы менен өтөт. Анын таасири шаарга жакындаган сайын азаят. Түштүк магистраль тараптагы курулуштун баары мыйзамсыз дегенден алысмын. Ал жерге жеке менчик 2-3 кабат үйлөрдү курууга болот», — дейт Жороев.

Ал кошумчалагандай, Бишкектин башкы планында калаада жер үстүндө жүрүүчү метролорду куруу каралган. Аталган план 2025-жылга эсептелген. Жороев ал убакытка чейин метро куруларын айта албай турганын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM