Биз менен байланышыңыз

Жороев: «Беш сарынын» жертөлөсүндө соода түйүндөр бар экенин билген эмесмин

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Янв 2019 | 780 | 0

Кичи райондордо мектеп, бала бакча жана соода түйүндөрү болушу керек. Бул тууралуу Бишкек шаардык архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Жороев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, шаарда көчөттөр жашыл аймак болору аныкталган жерлерге тигилет. Мындай жерлерге курулуш курулбайт. Ал эми жеке жактарга берилип кеткен эс алуу бактарын кайра кайтаруу боюнча соттук иштер жүрүп жатат. Негизги басым калааны жашылдандырууга, тургундардын эс алуусуна ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Жороев буга кошумча долбоордо унаа токтотуучу жай катары каралган соода борборлорунун жертөлөсүн соода-сатык үчүн колдонуу мыйзамсыз экенин белгиледи.

«Беш сары» соода борборунун жертөлөсү долбоордо унаа токтотуучу жай катары каралган болсо анда ошол максатта пайдаланылууга тийиш. Анын мызамдуулугун текшерүү зарыл, азыр айта албайм. «Беш сарынын» жертөлөсүндө соода түйүндөрү бар экенин угармандан угуп жатам«, — дейт Жороев.

Белгилей кетсек, Марат Жороев «Маралда» конокто болуп, редакциянын жана угармандардын борбор калаанын маселелери боюнча суроолоруна жооп берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM