Биз менен байланышыңыз

Азия Кубогу: 1/8 финалда кимдер ойнойт?

Кыска кабар , Спорт | 18 Янв 2019 | 1060 | 0

Азия Кубогунун тайпалык беттештери аяктап, континенттин эң мыкты 16 курамасы аныкталды. Алардын арасында биздин «Ак шумкарлар» да бар.

Алты тайпадан биринчи жана экинчи орун менен чыккандар: «А» тайпасынан БАЭ, Таиланд; «В» тайпасынан Австралия, Иордания, «С» тайпасынан Кытай, Түштүк Корея, «D» тайпасынан Иран, Ирак, «E» тайпасынан Сауд Аравиясы, Катар жана «F» тайпасынан Япония, Өзбекстан чыгышты. Ал эми кошумча төрт орунга эн көп голу бар үчүнчү орундагылар Кыргызстан, Бахрейн, Вьетнам жана Оман кошулушту.

Эми булар 20-22-январь күндөрү өтө турган 1\8 финалында ойношот. Кыргызстандын курама командасы 21-январда талаа ээлери Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы менен беттешет.

Мындан сырткары:

Иордания-Вьетнам;

Таиланд-Кытай;

Иран-Оман;

Япония-Сауд Аравиясы;

Австралия-Өзбекстан;

Түштүк Корея-Бахрейн;

Катар-Ирак беттешишет.

Эске салсак, Азия биринчилиги 5-январда башталып, БАЭ нын төрт шаарында өтүүдө. Ага Азия жана австралия континентинин эң мыкты 24 курамасы ат салышууда. Кыргыз футболчулары тарыхта биринчи ирет катышып, финалдык бөлүккө чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM