Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: 20 жылда шайлоолордун 99% адилетсиз өттү

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Янв 2019 | 464 | 0

Өкмөт парламенттин жана президенттин жүзү. Мындан улам өкмөткө баа бергенде анын курамын түзгөндөрдүн да жоопкерчилигин кароо керек. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдар ушул бойдон өзгөрүүсүз калса анда парламентти таркатуунун кажети жок. Анткени Жогорку Кеңешке дагы эле олигархтар келет. Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт.

«Айрым саясатчылар болуп жаткан турмушка элди күнөөлөшөт, бирок мен мындай деп ойлобойм. Анткени бийлик Баш мыйзамды иштеп чыгып элге таңуулап жатат. Акыркы 20 жылда шайлоолордун 99 пайызы адилетсиз өттү. Ким бийликке келерин шайлоодон мурда эле билебиз. Анткени ким президент, ким депутат болорун саясий элита өзү белгилеп коёт», — дейт Бөрүбашев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM