Биз менен байланышыңыз

«Мыйзамдардын баары бир ууч топтун кызыкчылыгына ыңгайлашкан»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Янв 2019 | 448 | 0

Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев “Марал” радиосуна берген маегинде Кыргызстанда мыйзамдардын баары бир ууч топтун кызыкчылыгына ыңгайлашып калганын билдирди.

Анын айтымында, Конституциянын 80 пайызы саясий нормалардан турат. Чиновниктер жеке кызыкчылыгын коомдун кызыкчылыгынан жогору коюп алган.

Мындан сырткары Баш мыйзамдын жетишпеген жактары көп. Ошондуктан Конституциялык роформага барып, аны түп-тамырынан бери өзгөртүү зарыл.

«Конституция – жашоонун эрежеси. Аны эл каада-салт түрүндө, ал эми бийлик мыйзам түрүндө иштеп чыгат. Бизде жашоонун эрежесин коомго саясий бийлик гана таңуулап келе жатат. Саясий элитаны башкаруунун формасы гана кызыктырат. Баш мыйзамдын жетишпеген жактары көп. Алсак, Конституцияда Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары ички жана тышкы саясатты жүргүзөрү жазылган. Бирок бизде ички-тышкы саясатты аныктаган мамлекеттик орган жок. Ошондуктан Конституциялык роформа керек», — дейт Бөрүбашев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM